Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Өзбекстанда окуу жылы онлайн режимде аяктайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда быйылкы окуу жылы «online-maktab» долбоорунун алкагында уюштурулган телесабактар менен аяктайт. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

Окуу жылынын аягына чейин аралыктан окутуу процессин уюштурууга катышкан мугалимдер менен билим берүү тармагынын кызматкерлери үйлөрүндө иштеп, айлыктарын толук алышат.

16-мартта Өзбекстанда коронавирус жуккан алгачкы адам аныкталгандан кийин өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлары, мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылган.

30-марттан тартып Өзбекстанда мектеп окуучулары үчүн сабактар үч телеканал аркылуу көрсөтүлө баштаган.

XS
SM
MD
LG