Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Ооган бийлиги Орозо айынын алдында 55 талибди түрмөдөн бошотту


Баграм түрмөсүнөн бошотулгандар, 11-апрель, 2020-жыл.
Баграм түрмөсүнөн бошотулгандар, 11-апрель, 2020-жыл.

Ооган бийлиги Орозо айынын алдында «Талибан» кыймылынын 55 жактоочусун түрмөдөн чыгарды. Бул тууралуу Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавед Файзал 23-апрелде «Твиттер» аркылуу кабарлады. Анын айтымында, талибдердин өкүлдөрү Пактия, Логар, Жаузжан, Газни, Баглан, Хост, Пактика жана Майдан провинцияларындагы түрмөлөрдөн 22-апрелде бошотулду.

Файзал бул чечим ооган жергесинде «тынчтыкка өбөлгө түзүү жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүү» максатында кабыл алынганын айтты. Натыйжада расмий Кабул 8-апрелден тартып эркиндикке чыгарган талиб жоокерлеринин жалпы саны 480ден ашты. Батыш колдогон өкмөткө каршылык көрсөтүп келген «Талибан» кыймылы баш-аягы 60тай коопсуздук кызматкерин туткундан бошотту.

Кошмо Штаттар менен «Талибандын» өкүлдөрү 29-февралда тынчтык келишимине кол койгон. Ага ылайык, талибдердин 5 миң жактоочусу өкмөттүк түрмөлөрдөн чыгарылып, миң киши «Талибандын» туткунунан бошотулушу керек. Ошондон кийин гана оогандардын өлкөдө тынчтык орнотууну максат кылган ички диалогу башталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG