Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Базар-Коргондо милиция беткабы жок жүргөндөргө эскертүү берүүдө


Базар-Коргон району.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү жашоочуларга милиция коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.

«Беткабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилип, жеке гигиена эрежелерин сактоо менен жугуштуу илдеттин алдын алууга чакырышууда. Жергиликтүү тургундарга жөнү жок көчөгө чыкпай, муктаждык жаралган учурларда ооруканага, дарыканага, азык-түлүк үчүн дүкөндөргө барууга боло тургандыгы айтылууда», деп жазылат милициянын маалыматында.

Базар-Коргондо санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, район аймагында себепсиз кирип-чыгууга чектөө коюлду. Маанилүү жумуштары менен бараткандардын машинасы дезинфекцияланып жатат.

Базар-Коргон Жалал-Абад облусундагы коронавирус пандемиясы катталбаган райондордун катарына кирет. COVID-19 өлкөдө Талас облусунан башка бардык облустарда катталды.

Кыргызстанда 22-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Ал 30-апрелге чейин уланат. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушул эле убакытка чейин өзгөчө абал киргизилди. Аталган аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG