Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:10

Чехияда жалпы улуттук карантин акырындап алына баштайт


Прага.

Чех өкмөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу март айынын ортосунда киргизген жалпы элдик карантинди токтотууну бейшембиде чечти. Өлкө жарандары эми 24 саат бою кайрадан ээн-эркин жүрө алышат. 10 кишиге чогулууга уруксат берилди. Ошондой эле башка өлкөгө чыгып келгенге да болот. Бирок келгенден кийин эки жума карантинге алынат.

Чехия – Европа өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп катаал чектөөлөрдү киргизген мамлекет. Эми бул өлкө биринчилерден болуп карантинди токтоткону жатат. Чех өкмөтү башка да чектөөлөрдү жеңилдетүүнү караштырууда. Дүкөндөр, кызмат көрсөтүүчү тармактар буга чейин белгиленген убакыттан эрте ачылмай болду. Тактап айтканда, 27-апрелде соода борборлорунда жайгашпаган, аянты 2500 чарчы метрди түзгөн дүкөндөр ишин баштайт. Буга чейин чектөөлөр майдын аягында алынат деп болжолдонгон болчу.

Фитнес борборлору жана зоопарк ишке кирди. Жогорку окуу жайларында сабактар өтүлө баштайт. 11-майда соода борборлору, чач тарачтар, укалоо салондору, музейлер ачылат. Ал эми кафе-ресторан жана башка мекемелердеги чектөө 25-майда алынат. Азырынча башка мамлекеттин жарандарына чек ара качан ачылары белгисиз.

Соңку күндөрү Чехияда илдетти жаңы жугузгандар азайып баратат. Коронавируска чалдыккан жети миң киши болсо, алардын эки миңдейи айыгып чыгып, 210ну жашоо менен кош айтышты. 23-апрелде Чехияда COVID-19 вирусун жугузган алты киши катталды.

Чехияга коңшу өлкөлөрдө да карантин эрежелери акырындап жумшарууда. Австрия менен Германияда ушул жумадан баштап дүкөндөрдө соода жүрүп жатат. Соода борборлору жана кызмат көрсөтүү мекемелери май айынын башында ишке кирет. Бул өлкөлөрдө да илдетке чалдыккандар азайып, айыгып чыккандар арбыды.

Испанияда, Италияда жана Францияда эпидемиянын жайылышынын туу чокусуна жеткен учур өтүп баратканы байкалууда. Ушул жана башка Европа өлкөлөрүндө карантин май айынын башында алына баштайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG