Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 25-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 83 киши бузду. Беш автоунаа айып токтотмосуна коюлду.
Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 52, Ош шаарында - 5, Ат-Башы районунда - 5, Сузак районунда - 21 адам кармалды. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулду. Ал эми, Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат райондорунда тартип бузуу катталган жок.
Жалпысынан өзгөчө абал киргизилген 25-марттан тартып 3441 киши коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалып, кайра коё берилди.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылган. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушул эле убакытка чейин өзгөчө абал киргизилген. Аталган аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (BTo)