Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Кыргызстанда COVID-19 жуккан медкызматкерлердин саны 175ке жетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Бир сутка ичинде үч медицина кызматкеринен COVID-19 вирусу чыкты. Алардын баарыБишкек шаарында. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 175 кишиге жетти. Бул өлкөдө вирус аныкталгандардын жалпы санынын 25% түзөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 25-апрелде брифингде айтты. Анын сөзүнө караганда, вирус жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселеси өкмөттө каралып жатат. «Акыркы күндөрү бул илдетке чалдыккан дарыгерлер көбөйүүдө. Мунун себеби эмне болушу мүмкүн?» деген суроого министр мындай жооп берди.

«Дарыгерлер вирустун очогунда жүрүшөт. Үй-бүлөсүнөн да бири-бирине жугузуп жатат. Кээ бирлери жөнөкөй эрежелерди сактабагандыктан да жугузуп алышууда. Ар түрдүү себептер бар. Коронавирустун очогуна барганда жеке коргонуу каражаттарын кийишет. Аны кийип чечкенде да эреже сакталбай калышы мүмкүн», - деди Абдикаримов.

Маалымат боюнча, ушул күнгө чейин 65 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 22 дарыгер, 28 орто медперсонал, 10 кенже медперсонал жана башка беш адис бар. Республикалык штаб алардын баары тең кайра иштей баштаганын жазды.

25-апрелге карата Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 665 кишиге жетти, каза болгондор – сегиз адам. Стационарда 312 киши жатат, алардын ичинен 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG