Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Кудрин: Орусияда 9 миллионго чейин киши ишсиз калышы мүмкүн


Орусиянын Эсеп палатасынын төрагасы Алексей Кудрин.
Орусиянын Эсеп палатасынын төрагасы Алексей Кудрин.

Орусиянын Эсеп палатасынын жетекчиси Алексей Кудрин коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам Орусияда жумушсуздардын саны 7-8% чейин өсүшү мүмкүн экенин айтты.

Кырдаал өтө татаалдашса, бул көрсөткүч 10% чейин жетиши ыктымал. «Коммерсант» басылмасы 6 миллиондон 9 миллионго чейин киши ишсиз каларын жазып чыкты.

Кудрин буга чейин коронавирустун айынан жумушсуздук ушул жылдын аягына чейин созуларын айткан. Эсеп палатасынын төрагасы белгилегендей, ушул тапта Орусияда жумушсуздуктун деңгээли 1% төмөн. Ал эми Эл аралык эмгек уюмунун маалыматында Орусиядагы жумушсуздуктун деңгээли 4,5% деп айтылат.

Кудрин 2020-жылы Орусиянын экономикасы 6-8% чейин төмөндөйт деп эсептейт. Ал айлык акынын минималдуу өлчөмүн жана жумушсуздарга берилчү жөлөк пулду убактылуу көбөйтүүнү жана ишкерлерге дотация берүүнү сунуш кылды. Кудриндин эсебинде, бизнести колдоого 3 триллион рублга чейин керектелет.

Орусияда коронавирустун айынан апрелде эч ким иштеген жок. Москвада ресторандар, фитнес-залдар, соода борборлору, сулуулук салондору толук жабылды. Элге дүкөнгө, дарыканага, дарыгерге көрүнүүгө жана итин сейилдеткенге гана уруксат берилди.

25-апрелге карата бир суткада Орусияда коронавирус жуктуруп алган 5966 киши катталды. 66 киши оорудан көз жумду, анын 41и Москва шаарынан. 682 киши айыкты. Жалпысынан COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 74 588 адамга жетти.

XS
SM
MD
LG