Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Таласта алты жаштагы бала сууга чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта алты жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 27-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында болгон. Бала Талас дарыясына түшүп кеткен. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барганга чейин жергиликтүү тургундар анын сөөгүн суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Чүй облусунда куткаруучулар аял кишинин сөөгүн дарыядан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти. Окуя Аламүдүн районунун Октябрь айылында болгон.

Кыргызстанда 2019-жылдын биринчи жарымында 88 адам сууга чөгүп каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG