Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

Укук коргоочулар: коомдук транспорттун токтотулушу мыйзамсыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарында коомдук транспортту токтотуу тууралуу комендатуранын буйругун талдап, ал мыйзам бузуу болуп эсептелет деп баа берди. Бул тууралуу аталган фонд 27-апрелде тараткан маалыматта айтылган.

«Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду Бишкек комендатурасы шаарда коомдук транспортту толук токтотуу менен жүргүнчүлөрдүн укуктарын бузган деп эсептейт.

«Коомдук транспорт элдин менчик автоунаасы жок катмарына азык-түлүк дүкөндөрүнө, аптекага, банктарга, почтага, ооруканага баруу, дарылануу, улгайган жакындарына жардам берүү жана башка күнүмдүк зарыл тиричилигин аткарышы үчүн керек. Мындан тышкары коомдук транспорт мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендерге ишке барып келүү үчүн зарыл. Ошондуктан коомдук транспорттун ишин толук токтотуу менен Бишкек комендатурасы Баш мыйзамды жана «Автоунаа тууралуу» мыйзамды бузуп жатат», деп белгиленген билдирүүдө.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал эми оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин дээрлик бардык аймактарда коомдук транспорт менчиктин түрүнөн карабай, токтотулган. Аймактык комендатуралар муну коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максаты менен түшүндүрүшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG