Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:28

Сузакта Матрезервдин унун сатуу фактысы териштирилип жатат


Мамлекеттик материалдык резерв фондунан бөлүнгөн ун.
Мамлекеттик материалдык резерв фондунан бөлүнгөн ун.

«Сузак районунун Курманбек айыл аймагында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан муктаждарга акысыз таратылган ун сатылып жатат» деген маалыматты Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) аймактык башкармалыгы жана райондо жергиликтүү бийликтен түзүлгөн комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов 27-апрелде басма сөз жыйынында билдирди.

«Социалдык тармактарда «Курманбек айыл өкмөтүндө мамлекеттен акысыз берилген ун сатылып жатат» деген түрдүү маалыматтар тараган. Анын чын-төгүнүн иликтеш үчүн тийиштүү кызматтар иш алып барып жатат. Ошол эле учурда бир жагдайды айта кетейин. 22-мартта өкмөттүн токтому менен аймактагы ундун баасын туруктуу кармоо максатында Сузак району Материалдык резервдер фондунан алынган 19 тонна унду 1200 сомдон сатыкка чыгарган. Өкмөт кийин ал токтомун жокко чыгарып, акысыз тарата баштаган. Ошол учурда Сузак району гана алууга жетишип, ошол ун сатылып жатышы мүмкүн», - деди Мирзахмедов.

Буга чейин Сузак районда Материалдык резервдер фондунан муктаж үй-бүлөлөргө акысыз берилген ун сатылып жатканы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жайылган.

Мамлекеттик материалдык резерв фондунан Жалал-Абад облусуна 1723 тонна ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG