Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Польшалык адис: кыргыз дарыгерлерине COVID-19 үч себептен жугушу мүмкүн


Польшадан келген адистер. 20-апрель, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшкө жардам бериш үчүн келген польшалык адистер тобунун жетекчиси Михал Мадейски онлайн брифингде суроолорго жооп берди. Анда Кыргызстанда медицина кызматкерлери COVID-19 вирусун жуктуруп алышынын негизги себептерин айтты:

«Биринчиден, дарыгерлер коронавирус менен ооругандарды дарылоого даяр эмес болушкан. Себеби, бул пандемия түшүнүксүз эле. Экинчиден, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда ката кетиришкен. Аны колдонуунун эрежелерин так билбегендиктен, вирусту жугузуп алышкан. Үчүнчүсү - дарыгерлердин өзүн-өзү алып жүрүшү. COVID-19 вирусу жуккандар менен иштеген адистер башкалар менен контактты болушунча азайтышы керек болчу».

Ошто коронавирус жуккан айрым дарыгерлер медицина кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттары берилбегенин жана ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даярдалбаганын айтышкан.

Мадейски жогоруда айтылган катачылыктар дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөргө мүнөздүү экенин кошумчалады. Кыргызстанда 27-апрелге карата 183 медицина кызматкеринен COVID-19 илдети табылды.

Польша мамлекетинен 11 адамдан турган адистер 24-апрелде Ошко учуп келишкен. Алар коронавируска каршы күрөш тууралуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин беришти. Алар 10 күндүн ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасына, Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына барышты.

Саламаттык сактоо министрлиги польшалык дарыгерлердин иш сапары аяктаганын, алар Кыргызстандын дарыгерлеринин ишине жогору баа бергенин кабарлады. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG