Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

Сурабалдиева: Парламент өзгөчө абалды узартуу же токтотуу маселесин 30-апрелде карайт


Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңеш 30-апрелде жалпы жыйынга чогулуп Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалды узартуу же токтотуу маселесин карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» депутат Элвира Сурабалдиева билдирди. Ага чейин бул маселе өкмөттө каралат.

«Коронавирустан айыккандар менен жаңы жугузгандардын катышы эсептелет экен. Ушул боюнча дарыгерлер, эпидемиологдор жана вирусологдор маалымат бергенден кийин өкмөттө отурум болуп, маселе каралат деген маалымат бар», - деди Сурабалдиева.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG