Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Жээнбеков: Уруксат берилген ишкананын коопсуздугу үчүн жетекчиге өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүккө этап-этабы менен уруксат берилет, ар бир ишкананын эпидемиологиялык коопсуздугу үчүн анын жетекчисине өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Бул тууралуу 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында айтылды.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков: «Ишин кайрадан баштай турган экономика объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып баруу зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт», - деди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүнө этап-этабы менен уруксат берүүнү сунуш кылды.

Жыйында белгиленгендей, өзгөчө абал шартында иштей турган ишкана-мекемелердин так тизмеси, кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана аларды жумуш ордуна жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек болот.

Коопсуздук кеңеши эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартмай болду.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.

28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 киши болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG