Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Өкмөт парламентте маалымат берүүдө


Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте. 1-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-апрелден бери коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал шартында өкмөт аткарган иштер тууралуу парламентте маалымат берип жатат.

Өкмөт башчы ал убактан бери өлкөдө коронавируска чалдыккан адамдар азайганын белгиледи. Абылгазиев 746 бейтаптын 185и сырттан жугузуп келгендер экенин, ал эми алардан жугузуп алгандардын саны жалпы оорулуулардын 75% түзөрүн маалымдады.

«29-январдан тартып үй карантинине 81 135 адам алынган. 52 738 адам үй карантининен чыгарылган. Өлкө боюнча 224 обсервациянын 104ү колдонулду. 10 миңден ашууну чыгып кетти. Бүгүнкү күнү 864 киши обсервацияда жатат. Коронавирус менен күрөшүүгө жетиштүү күч жана каражаттар тартылган. 3635 медициналык дарыгер коронавируска каршы күрөшүп, ооруканаларда иштеп жатышат. 103 мобилдик бригада, 9 лаборатория иштеп жатат».

Абылгазиевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 615 блокпост бар. 535 санитардык карантиндик пост иштеп жатат, анын ичинен 115и санитардык курчоо посттору. Күч түзүмүнүн 10 миңден ашуун кызматкери коронавируска каршы күрөшкө тартылган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG