Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Баткенден Өзбекстандын Фергана облусуна гуманитардык жардам жиберилди


Ферганага жиберилип жаткан азык-түлүк. Баткен шаары. 29-апрель, 2020-жыл.
Ферганага жиберилип жаткан азык-түлүк. Баткен шаары. 29-апрель, 2020-жыл.

Баткен облусунан 8 тонна картошка, 8 тонна күрүч, 8 тонна алма жүктөлгөн автоунаалар 29-апрелде Өзбекстандын Фергана облусуна жөнөп кетти. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бул эки өлкөнүн COVID-19 оорусунун жайылышына каршы күрөшүү боюнча бири-биринин иш-аракеттерин колдоо боюнча демилгесинин алкагында ишке ашууда.

Мунун алкагында буга чейин Фергана облусу Баткен чөлкөмүнө кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу кийимдерди, дезинфекциялоочу каражаттарды жана ун жиберген.

Баткен облусунун жетекчилиги облустун элинин атынан кошуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге, Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирген.

Коңшулаш жайгашкан эки облустун кызматташтык, бири-бирин колдоо маселеси кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында көтөрүлгөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG