Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Коронавирустун жеңил формасы менен ооруган адамды айыктырыш үчүн 7000 сом сарпталат


Бишкектин четиндеги блокпост. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин четиндеги блокпост. Иллюстрациялык сүрөт.

Ал эми оор формасына чалдыккандарды дарылоого 118 миң сомго чейин чыгым кетет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 30-апрелде парламентте билдирди.

«Коронавирус илдетинин жеңил, орто, оор жана өтө оор формасы аныкталды. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша дарылоого 7 988 сом (жеӊил), 16 370 сом (орто), 74 764 сом (оор), 118 807 сом (өтө оор) сарпталат», - деди Абдикаримов.

24-апрелде өткөн Республикалык штабдын брифингинде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус менен ооруган бейтапка Өзбекстандагыдай эле 3 миң доллар каражат кетип жатканын айткан. Анын бул сөзү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

30-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 746 адамга жетти. 462 адам оорудан айыгып чыкты. 8 адам илдеттен көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG