АКШ өкмөтү COVID-19 илдетине каршы эксперименталдык дарыны сыноо үмүт жараткан жыйынтыктарды көрсөткөнүн билдирди. Кошмо Штаттардын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институту ремдесивир аттуу препарат коронавируска чалдыккан бейтаптардын тезирээк айыгышына көмөктөшөрүн жарыялады.
Изилдөөчүлөр ремдесивирди колдонгондордун абалын бул дары берилбеген бейтаптардын тобу менен салыштырышкан. Натыйжада ремдесивир менен дарылангандар 11 күндө айыгып чыкса, бул препаратты колдонбогондор кеминде 4 күнгө кечирээк сакайышкан. Ремдесивир дарысын ичкен топто өлүм да азыраак катталган. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай тыянакты кубаттап же четке кага элек.
Учурда Германия, Британия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөгү ондогон алдыңкы фармацевтикалык компаниялар вакцинанын үстүнөн иштеп жатат. Бирок адистер вакцина бардык сыноолордон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бир жылдан 18 айга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.
30-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 3 миллион 200 миңден ашты. Өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза тапкандардын саны 230 миңге чукулдады.