Белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
"Азаттык" радиосунун кабарчысы, бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.
2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.
Артында жубайы жана эки уул, эки кызы калды.