Талас шаарында республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам таратуу боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу шаар мэри Айдар Жузупбеков 1-майда “Азаттык” радиосуна билдирди.
Анын айтымында, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-пунктунун (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде териштирүү башталып, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 29-апрелде катталган.
УКМКнын басма сөз кызматы окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Жузупбеков “мэр камалды” деген сөздөрдү четке кагып, өзү да, мэрия кызматкерлери да ишин улантып жатканын айтты. Ал маселе күрүчтүн салмагы жетпей калгандан келип чыкканын, эч кимдин уурдоо ниети болбогонун кошумчалады.
Жузупбековдун айтымында, УКМКнын текшерүүсү артып калган ар бири 25 килограммдык беш мүшөк күрүчтү (жалпы баасы болжол менен 7 миң сом) кызматкерлер “кеч болуп кетти, эртең териштиребиз” деп мэриянын имаратына киргизип койгондон кийин башталган.
Талас шаарынын калкы 60 миңдей адам, алардын 2,5 миңге жакыны жардамга муктаждар.
Коронавируска байланыштуу түзүлгөн абалдан улам республикалык бюджеттен Талас шаарына 777 миң 600 сом которулган.
Жузупбеков бул акчага 972 муктаж үй-бүлөгө сүт, күрүч, шекер, май, буурчак, макарон жана чай таратылып жатканын билдирди.
Таластагы окуя тууралуу Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлүп, депутат Жанарбек Акаев аны териштирүү зарыл экенин айткан. (RK)