Кыргызстандык эки жаран Баткен районунун Таш-Тумшук аймагындагы чек ара өткөрүү бекетинен тышкары жерден Тажикистандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылышкан.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы 2-майда кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 20 тонна кургатылган жемиш ташып бараткан жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунда жүккө тиешелүү эч кандай документ болгон эмес.
Кармалган жүк жана жарандар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.(ZKo)