Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Орусиянын куралдуу күчтөрүндө 2,7 миңге чукул адам COVID-19 илдетине кабылды


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 22-апрель, 2020-жыл.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 22-апрель, 2020-жыл.

Аскердик дарыгерлер орус армиясында кызмат өтөп жаткан 1177 жоокерден, Коргоо министрлигинин окуу жайларындагы 1195 курсанттан жана 320 жарандык кызматкерден коронавирус илдетин аныкташкан.

Жалпысынан март айынан тартып 2-майга чейинки аралыкта Орусиянын куралдуу күчтөр тармагында 2 692 адам вирусту жуктуруп алган.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-апрелде оорунун аскердик мөөнөтүн аяктап, үйүнө кайтуучу жоокерлердин арасында жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн бир катар чараларды киргизген. Анын ичинде үйүнө кайткан жоокерлерди темир жол бекеттерине жана аэропортторго жеткирүүчү транспорттор дезинфекциялануусу тийиш. Шойгунун буйругу менен аскердик милдетин өтөөгө чакыруу комиссиялары ишин 6-майдан тарта башташат. Ал эми аскерге жиберүү 20-майдан кийин жүргүзүлөт.

Орусияда 2-майга караган акыркы суткада он миңге чукул адамдан коронавирус табылган. Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 124 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG