Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Казакстандын түштүгүндө беш миңден ашуун киши эвакуaцияланды


Мактаарал районундагы суу каптоо, 2-май, 2020

Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычында дамба жырылгандан кийин Казакстандын Мактаарал районунда төрт айылдын эли коопсуз жерге эвакуацияланды. Бул тууралуу Казакстандын Түркстан облусунун бийлиги билдирди.

Акимиаттын билдиргенине караганда, Өзбекстанда суу сактагычтагы суунун деңгээлин азайтуу максатында сууну коё беришкен. Андан улам чек аралаш Мактаарал районундагы коллекторлордон суу ташып, айыл-кыштактарды каптаган.

Жергиликтүү бийлик 2-майда аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады. Адам өмүрү кыйылган учурлар катталган жок. Облус акими Умирзак Шукеев Жеңиш, Жаңы турмуш, Нурлуу жол, Сартөбө айылдарынын эли эвакуацияланганын билдирди.

Көпчүлүк тургундар өз алдынча эле чыгып кетишкен. Калган тургундарды чыгарууга күч органдарынын 700 кызматкери жөнөтүлгөн. Аким ишембиде «эл дүрбөлөңгө» түшүп, түн ичинде адамдар «машинерлерге отуруп чыгып кетишкенин» кошумчалады.

Райондун борбору Мырзакентте мектептерде эвакуация борборлору уюштурулду.

Өзбекстанда кырсык баскан дамбаны куруу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. “Чөл ортосундагы деңиз” деп сыпатталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 930 миллион куб метр. Дамбанын бийиктиги 28,8 метр.

“Сардаба суу сактагычында чакан ГЭС куруу жөнүндө” инвестициялык долбоорду ишке ашыруу 2020-2022-жылдарга пландалган, баасы 21,3 миллион евронү түзөрү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG