Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 19:36

Сыр-Дарыядагы жагдайды видеого тартып жүргөн журналисттерди милиция кармап кетти


Милиционерлер операторлорду кармап кетип жаткан учур.

Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусундагы Сардаба суу сактагычынын жырылып кетишине байланыштуу кылмыш иши козголуп, аны териштирүү Улуттук коопсуздук кызматына жүктөлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, иш Кылмыш кодексинин 207-беренесинин 1-бөлүгү ("Милдетине шалаакы мамиле кылуу") жана 258-берененин 2-бөлүмү ("Тоо-кен, курулуш же жардыруу иштеринин коопсуздук эрежелерин бузуу") менен териштириле баштады.

Ал арада окуяны чагылдырып жүргөн журналисттерди Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармап кетти. Human.uz сайты 3-майда тараткан кабарга ылайык, кабарчы Мавжуда Мирзаева менен эки оператор аймактагы коллежге убактылуу жайгаштырылган адамдардын абалы жөнүндө репортаж даярдап жүргөндө милиция аларды кармап кеткен жана видеону өчүрүп салууга буйрук берген. Журналист бул учурду видеого тартып, социалдык тармакка чыгарды. Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Сардаба (өзбекче "Сардоба") суу сактагычы 1-майда эртең менен саат алтыга жакын жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон. Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлдү.

Дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны коңшу Казакстандын Түркстан облусундагы төрт кыштакты да каптады. 2-майда Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлдү жана 5,5 миң адам эвакуацияланды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG