Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Тажикстандагы жер титирөө Ош облусунда үч балл болуп сезилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында болгон жер титирөө кыргыз айылдарында да катталды. Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 3-майда саат 20:42де Тажикстанда очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду.

Жердин титиреши Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында үч баллга чейин сезилди.

Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG