Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Орус-казак чек арасында топтолгон кыргыз мигранттары автобус менен жолго чыкты


Соль-Илецк аймагынан жолго чыккан кыргыз мигранттары. 05.05.2020
Соль-Илецк аймагынан жолго чыккан кыргыз мигранттары. 05.05.2020

Орус-казак чек арасында топтолуп турган кыргыз жарандары мекенин карай жолго чыкты. Бул тууралуу алардын айрымдары “Азаттыкка” кабарлашты. Мигранттардын айтымында, 300дөн ашуун адам сегиз автобуска бөлүштүрүлдү. Акыркы автобус жолго 5-майга караган түнү чыкты.

Расмий органдар азырынча маалымат бере элек.

Жүргүнчүлөр жөнөткөн видеодон автобустун айрымдарында адамдар туруп баратканын көрүүгө болот.

Казакстан чек арада топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болгонун Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 30-апрелде кабарлаган. Казак тарап кыргызстандыктар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын айтып, андыктан жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койгон.

Автобустар Казакстандын аймагынан кыргыз чек арасына чейин атайын медициналык коштоо менен өтөрү айтылган.

Орусиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан 200дөй кыргыз жараны коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан Оренбург облусундагы орус-казак чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалаган.

Мындагы Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү 17-мартта жабылып калган.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев алар кыргыз чек арасына жеткенче Казакстандын 2 миңден ашуун чакырымын, төрт облусун аралап өтөрүн, андыктан коронавирус жайыларынан кооптонгон казак тарап жүргүнчүлөрдү өткөрүүдөн карманып жатканын, бирок сүйлөшүүлөр жакшы натыйжага жакындаганын 29-апрелде билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG