Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Сардаба апаатында бир аскер набыт болду, экинчиси издөөгө алынды


Казакстандагы суу баскан айылдардын бири.
Казакстандагы суу баскан айылдардын бири.

Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусундагы Сардаба суу сактагычындагы ташкында бир аскер набыт болду. Дагы бир аскер изделип жатат.

Эки аскер 1-майда элди эвакуация кылуу учурунда агып кеткени 4-майда расмий кабарланды.

Соңку маалыматтарга караганда, Сардабадагы суу өзбек-казак чек арасындагы Абай каналына дагы эле агып кирүүдө. Натыйжада эки өлкөдөгу калктуу конуштарын суу каптап жатат.

Өзбекстанда үч райондогу 22 конуштан 70 миң киши коопсуз жакка көчүрүлдү. 17300 адам жараат алып, 56сы ооруканага түштү. Казакстандын Түркстан облусундагы Мактарал районуна караштуу 13 кыштактан 31 миң киши эвакуацияланды.

2017-жылы курулуп бүткөн Сардаба суу сактагычы 1-майда таңга жуук жырылып кеткен.

XS
SM
MD
LG