Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

БАЭнин Шаржа шаарында 48 кабаттуу үй өрттөндү


Шейшемби күнү кечинде Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Шаржа шаарындагы 48 кабаттуу турак үйдө катуу өрт чыкты.

«Галф Ньюс» агенттиги тогуз киши жеңил жараат алганын, үйдүн калган тургундары эвакуацияланганын билдирди.

Имараттын онунчу кабатында башталган өрттүн себептери айтыла элек.

Жергиликтүү полиция башкармалыгы үйдүн ээси жабыркагандарга убактылуу турак жай берүүгө убада бергенин кабарлады.

Азырынча өрт көп кабаттуу үйдөгү канча батирге тараганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG