Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Ноокенде колотто жүргөн 50дөй койду сел агызып кетти


Ноокенде сел жүрдү. 6-май, 2020-ж.
Ноокенде сел жүрдү. 6-май, 2020-ж.

Жалал-Абад облусунда 6-майга караган түнү сел каптаган айылдарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Соңку маалыматка караганда, Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында колотто жүргөн 50дөй койду сел агызып кеткен.

Райондун акими Эркин Маматаев «Азаттыкка» билдиргендей, чыгым азыр жеринде такталып атат.

Мындан сырткары беш гектардай эгин талаасын да сел каптаган.

Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, селден Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл аймагында, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында үйлөрдү, эгин талааларын, Аксы районунда 4-майда нөшөр жаандан кийин жолдорду суу каптаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG