Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын сунушу менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге эскертүү берди. Буга ал макулдашпастан чечим кабыл алганы себеп болгону айтылды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тууралуу тараткан маалыматында: «Буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган, ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалымкат талап кылышкан. Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт», деп белгиленди.
Республикалык штаб тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес экенин билдирди.
Ысык-Көл облус аймагына кирген учурда адамдар экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымкат көрсөтүүгө тийиш экендиги тууралуу маалымат 3-майда чыккан.
Бишкек мэриясы шаарга кирүүнү каалагандардан медициналык аныктама талап кылууну көздөп жатканын кабарлаган.
Бул демилгелер коомчулукта кызуу талкууланууда. (RK)