Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын көбү Бишкекте


Бишкек. Ош базары.
Бишкек. Ош базары.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын эң көбү бүгүнкү күндө борбор шаар Бишкектен чыгып жатат. Коронавируска каршы республикалык штабдын соңку маалыматына караганда, Бишкекте илдет жуккандардын саны 255 адам. Андан кийин вирус жуккандардын саны боюнча Ош облусу турат – анда илдет жуккан 169 адам катталган.

Жалал-Абад облусунда 129, Ош шаарында 113, Нарын облусунда 103, Чүй облусунда 74, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10 кишиге илдет жукканы аныкталган.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө карата оору 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12си кайтыш болду. 614 бейтап айыгып кетти.

5-майда Ысык-Көл облусундагы 10 адамдын баары айыгып, үйүнө чыгарылганы айтылды.

Коронавирус коркунучунан улам Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 25-марттан бери чектөө киргизилип, 1-майдан тартып гана айрым ишкана-мекемелердин иштешине уруксат бериле баштады.

5-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилгени менен элдин себепсиз көчөдө жүрүшүнө тыюу алына элек экенин эскертип, ээн-эркин басып жүргөндөр көбөйгөнү үчүн күч кызматкерлерин сынга алды. Ал Бишкек шаарында карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл күчөтүлөрүн айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG