Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Ноокендеги жол кырсыгында окуучу бала каза болду


Ноокендеги кырсык. 6-май, 2020-жыл.
Ноокендеги кырсык. 6-май, 2020-жыл.

Райондун Кара-Булак жайлоосуна бара турган жолдо «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир окуучу каза болду. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Олжобаев «Азаттыкка» билдиргендей, кырсык 6-майда болгон.

«Маалыматка караганда, 25 жаштагы Ноокен айылынын тургуну өз автоунаасында Кара-Булак жайлоосуна үч окуучу менен мал алып келүүгө бараткан. Кыр-Жон жайытында автоунаасы бузулуп, колотко түшүп кеткен. Натыйжада 17 жаштагы бала жеринде каза болуп, үчөө райондук ооруканага жеткирилген. Жабыркагандар жана каза болгон бала райондогу №7 Артык Төрөгелдиев атындагы мектептин 11-классынын окуучулары болушкан. Учурда окуяны ички иштер органдары териштирип жатат», - деди Олжобаев.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы кошумчалагандай, социалдык түйүндөрдө тараган «Окуучулар тоого эс алууга бараткан» деген маалымат жалган. Ноокен райондук ооруканасында жаткан жабыркагандарын абалы орто экенин сөз болуп жаткан бейтапкананын өкүлдөрү билдиришти. (RsK)

XS
SM
MD
LG