Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Талас: 45 адам обсервацияда, 21 фильтрациялык пост иштеп жатат


Талас.
Талас.

Талас облусунда бүгүнкү күндө коронавирустун алдын алуу иш-аракеттеринин алкагында 45 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Милиция обсервациядагыларды күнү-түнү кайтарып жатканын «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, «шектүүлөрдү обсервацияга алып барган автомашиналар атайын токтотмого коюлуп, кызматкерлер тийиштүү коргоочу каражаттар менен камсыз болушкан».

Жалпысынан облус боюнча алты санитардык-карантиндик жана райондор ортосунда 21 фильтрациялык пост иштеп жатканы маалым болду.

Сарногоеванын айтымында, шаардын өзүндө санитардык-карантиндик эки пост бар.

«Алар Талас шаарына кире бериште жана чыгып жаткан жерде. Шаардын ичинде 5-6 жерге тосмо коюлган. Фильтрациялык бир пост бар», - деди ал.

Сарногоеванын билдиргенине караганда, фильтрациялык посттордо милиция, айыл өкмөт мүчөлөрү жана айылдын активдүү жаштары турат.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты.

Обсервацияга жугуштуу ооруга чалдыкканы аныкталган адам менен байланышта болгондор жана чет жактан келгендер алынууда.

Оорусу такталгандар менен байланышта болгондордун саны бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун адам, алардын ичинен 676 адам азыр обсервацияда жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG