Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ош шаарында эки бала бакча колдонууга берилет


Ош.
Ош.

Ош шаарында 100 жана 120 орундуу эки бала бакча курулуп бүттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров бидирди. Анын айтымында, бул бакчалар 2019-жылы казынадан бөлүнгөн каражаттын негизинде курулган. Ар бирине 23 миллион сомдон каражат сарпталган.

«Бала бакчаларда бардык шарттар каралган. Сыртында балдар ойноочу аянчалар, өрт коопсуздугу болсо сыртка чыгып кетчү эшиктер, жуунуучу жайлар, ашканасы менен бүт стандарттарга жооп бере турган толук шарты менен салынды», - деди Абсаттаров.

Бала бакчанын бири Амир-Тимур, экинчиси Курманжан Датка кичирайонунда салынган. Алар карантин бүтсө колдонууга берилет. Мындан сырткары дагы бир бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

2020-жылдын бюджетинен үч бала бакча салуу пландалган. Алардын бири Ак-Тилек кичирайонуна курулат. Калган экөө курулар-курулбасы азырынча белгисиз.

Ош мэриясынын социалдык жактан өнүгүү боюнча бөлүмү берген маалыматка ылайык, 2019-жылга карата Ош шаарында мектепке чейинки билим берүүчү 70 мекеме иштейт. Алардын 41и мамлекеттик бала бакча болсо, калганы жеке менчик. Шаар боюнча 15 миңден ашуун наристе бала бакчага барат. Кезекте бакчага кире албай тургандардын саны 4 900 бала. (DU)

XS
SM
MD
LG