Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 15:13

Президенттин куттуктоосундагы "беш жыл" деген сөзгө түшүндүрмө берилди


Сооронбай Жээнбеков.

Президенттик аппарат мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Жеңиш майрамына карата айткан куттуктоосундагы "беш жыл" деген сөзгө түшүндүрмө берди.

Жээнбеков 8-майдагы куттуктоосунда "Жеңиш күнүн эл беш жыл күткөн" деген өңүттө сүйлөгөн жана тексти president.kg сайтына жарыяланган.

Анын артынан эле социалдык тармакта 1941-1945-жылдардын аралыгындагы согуш төрт жылга созулганы, мамлекет башчы беш жыл деп ката айтканы талкуулана баштаган.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы мындай комментарий берди:

"9-Май — 1418 күн, же 3 жыл 10 ай бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн” дегенге караганда элдин оозунда айтылып жүргөндөй, 1941-45 календардык жылдар жалпыланып “5 жыл бою күткөн” деп айтылды. Мамлекет башчысынын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктоосун кабыл алып, аталарыбыздын эрдигине таазим этели".

Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке быйыл 75 жыл болду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шан-шөөкөтсүз өтөт. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (50)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG