Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Ала-Букада эки согуш ардагерине автоунаа белекке берилди


Ала-Бука району. 9-май 2020-жыл.
Ала-Бука району. 9-май 2020-жыл.

Район борборундагы жеңиш монументинде өткөн чакан салтанатта жергиликтүү бийлик ардагерлерге “Ваз 2107” автоунаасын тапшырды. Бул тууралуу райондун акими Эмилбек Абдыкадыров “Азаттыкка” билдирди.

“Айры-Там айылынын тургуну Насирдин Нармырзаев менен Баймак айылынын жашоочусу Аскар Хайдаров быйыл 94 жашка толду.

Райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана Балтагулов жана 1-май айылдык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен эки ардагерге автоунаа тапшырдык. Ардагерлер менен катар эле оорукта эмгектенген энелерге да белектер тапшырылды”, - деди Абдыкадыров.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 31 согуштун ветераны, 59 тылда эмгектенген ардагерлер калды.(RsK)

XS
SM
MD
LG