АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) "Pfizer/BioNTech" вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берүүнү сунуш кылган эмес. Аталган уюм муздаткыч алып берери тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев парламентте жаңылыш айткан. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева 22-январда "Твиттерге" жазды.
"Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин парламентте ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кечирим сурайт. Белгилүү болгондой, USAID муздаткыч алып берүүнү сунуш кылган эмес. Саламаттык сактоо министри жаңылыптыр",- деди Сурабалдиева.
21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында коронавируска байланыштуу жагдай талкууланган. Алымкадыр Бейшеналиев USAID "Pfizer/BioNTech" вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген. Ал учурда парламентти Бейшеналиевдин жанында Сурабалдиева да отурган. Ал министрдин милдетин аткаруучу ката сүйлөп алганы кийин маалым болгонун белгиледи.
22-январда АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Бишкектеги өкүлчүлүгү да төмөнкүдөй маалымат таратты:
"АКШ буга чейин Кыргызстанда COVID менен күрөшүүгө USAID аркылуу, АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) аркылуу жана Мамлекеттик департамент аркылуу 5 миллион доллардан ашуун каражат берди. Биз COVID-19 менен күрөшүүнүн башында турган кайраттуу дарыгерлерди жана медайымдарды колдоо үчүн кыргыз өкмөтү менен кызматташа беребиз. Ошондой эле вирустун таасирин минималдаштырууга жардам берүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен иштешүүнү улантабыз."
Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси жаңылыштык кетиргенин мекеменин басма сөз кызматы ушул эле күнү бышыктап, муздаткыч маселеси боюнча башка бир эл аралык уюм менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.
Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.
22-январга карата Кыргызстанда дагы 118 кишиге коронавирус жугуп, Ысык-Көлдө бир, Чүйдө бир бейтап көз жумду.
Ооруга чалдыккандар кийинки күндөрү кайра көбөйө баштады.
Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 83703 киши болду. Жалпы ооругандардын 79 664и сакайды. Соңку бир күндө 155 адам айыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1396 кишиге жетти.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 аныкталган бейтаптардын аймактык көрсөткүчү:
- Бишкек шаарында – 47;
- Чүй облусунда - 23;
- Ысык-Көл облусунда – 14;
- Ош облусунда - 10;
- Нарын облусунда - 10;
- Жалал-Абад облусунда - 8;
- Талас облусунда - 4;
- Ош шаарында - 2;
- Баткен облусунда бул суткада оору катталган жок.
Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 697 бейтаптын 33үнүн абалы өтө оор, 219у оор, 442си орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык.
Андан тышкары, 1017 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 22-январда 97 миллион 475 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 88 миңден көп, ал эми сакайгандар 53 миллион 694 миңден ашат.
АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) "Pfizer\BioNTech" вакцинасын сактоо үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берет. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.
"Биринчи бизге 15 миң доза берилери айтылган. Азыркы кездеги сүйлөшүүлөр боюнча 1 миллион 200 миң дозаны 1-июнга чейин берет. Ага чейин USAID муздаткычтарды алып берет", - деди министр.
Министрдин маалыматына USAID уюмунун Бишкектеги кеңсеси комментарий бере элек.
Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөшүү үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жоктугун билдирген.
Министрдин белгилешинче, -18 градуска чейинки температурада сакталчу Орусиянын "Спутник-V" вакцинасын алууга да Москвага кат жолдонду. Кремль уруксат берер замат Орусиядан эмдөөчү дарылар келиши мүмкүн.
Бейшеналиев Орусиянын вакцинасы сатып алынарын, Финансы министрлиги акча бөлүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Буга чейин Кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрү колдонуп жаткан «Pfizer/BionTech» вакцинасын алуудан баш тарткан. Ага вакцинанын аз өлчөмдө сунушталганы жана сактоо шартынын жоктугу себеп экени вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
21-январдагы расмий эсеп боюнча Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 83585ке жетти. Алардын 79 509у сакайып, 1394ү каза тапты. Күнүгө 150-160 адамдан коронавирус аныкталууда.
Америкалык-германиялык «Pfizer/Biotech» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө үчүн колдонууга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алгачкылардан болуп уруксат берген.
21-январга карата Кыргызстанда дагы 155 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте бир, Чүйдө бир бейтап көз жумду.
Ооруга чалдыккандардын саны соңку күндөрү кайра көбөйө баштады.
Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 83585 болду. Жалпы ооругандардын 79 509у сакайды. Соңку бир күндө 136 адам айыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1394 болду.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 аныкталган бейтаптардын аймактык көрсөткүчү:
- Чүй облусунда – 63;
- Бишкек шаарында - 42;
- Ош облусунда – 12;
- Ысык-Көл облусунда - 11;
- Жалал-Абад облусунда - 11;
- Нарын облусунда - 6;
- Ош шаарында - 6;
- Баткен облусунда -3;
- Талас облусунда - 1.
Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 708 бейтаптын 33үнүн абалы өтө оор, 225и оор, 442си орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык.
Андан тышкары, 1044 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 21-январда 96 миллион 857 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 74 миңден көп, ал эми сакайгандар 53 миллиондон ашат.
Facebook шеринеси