Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:23 19.2.2021

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч адам каза болду​. 83 кишиге вирус жуккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттен 1448 адам каза тапты.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 772 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны - 82 583.

Ооруканада вирустан 411 бейтап дарыланууда, алардын 115инин абалы оор, он жетиси өто оор акыбалда. Үйүнөн 386 бейтап дарыланып жатат.

19-февралда медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур катталган жок.

15:58 17.2.2021

ДССУ "AstraZeneca" вакцинасына уруксат берди

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) "AstraZeneca" вакцинасын пайдаланууга чукул арада уруксат берди. Ал эми Британия өз жарандарын тегиз эмдегенден кийин башка өлкөлөргө вакцинадан жардам берүүнү караштырарын билдирди.

15-февралда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Индиядагы "Serum Institute" жана Түштүк Кореянын "AstraZeneca-SKBio" компаниясы өндүргөн "AstraZeneca" вакцинасына уруксат бергенин билдирди.

БУУ былтыр декабрда "Pfizer-BioNTech" вакцинасына уруксат берген. Бул эми дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө вакцина жеткирүүнү көздөгөн СOVAX программасынын алкагында кедейликти баштан кечирип жаткан мамлекеттерге миллиондогон доза жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет деген ишеним чоң.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мариангела Симао басма сөз жыйынында: "Буга чейин вакцина алууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр эми медициналык кызматкерлерин, элин эмдөөнү баштай алышат", - деп баса белгиледи.

Вакцинация. Хорватия.
Вакцинация. Хорватия.

Ал эми АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, коронавирус дүйнөдө 109 миллиондон ашык адамга жугуп, кеминде 2 миллион 400 миңдей кишинин өмүрүн кыйды. Бирок буга чейин көптөгөн мамлекеттер, айрыкча жакыр өлкөлөр эмдөө программаларын баштай элек.

"AstraZenecaнын" препараты COVAX глобалдык программасынын алкагында дүйнөнүн аялуу жерлерине жеткирилет. Анткени өтө муздакта гана сакталчу "Pfizer-BioNTech" вакцинасына караганда, бул препаратты колдонуу кыйла арзан жана оңой. Бул эки вакцина тең эки дозада сайылат.

Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX механизми башында кыйла кечеңдеп турганда өнүкөн өлкөлөр вакциналарды өз алдынча сатып ала баштаган.

Анткен менен дүйнөлүк уюм жана анын өнөктөштөрү, анын ичинде GAVI альянсы, кайсы өлкөлөргө биринчи доза жеткирилерин маалымдай элек.

Ал арада Британияда коронавируска каршы вакцинаны жайылтуунун башында турган Надим Захави жергиликтүү радиого берген маегинде өлкө өз жарандарынан арткан вакцинаны гана башка өлкөлөргө берерин кабарлады.

"Британиянын жашы жеткен калкы эмдөөдөн тегиз өткөндөн кийин гана ашыкча доза калса башка өлкөлөргө кантип жеткирүүнү карап чыгабыз", - деди Захави.

Техас, АКШ. 14-февраль, 2021-жыл.
Техас, АКШ. 14-февраль, 2021-жыл.

Ал маалда Америка Кошмо Штаттарынын көпчүлүк аймактарын каптаган ызгаардуу бороон вакцинаны жеткирүүнү кечеңдетти. Бороондон улам эмдөө жүргүзгөн клиникалар жабылды. Мындай катаал аба ырайы АКШда дагы бир канча күн уланары кабарланды.

Ал эми "В1525" деп аталган коронавирустун жаңы штаммы Британия, Дания, АКШ, Австралия жана Нигерия сыяктуу ондогон мамлекеттерден табылды. Бул тууралуу Эдинбург университетинин изилдөөчүлөрүнө шилтеме берүү менен британиялык "Guardian" гезити кабарлады.

Британияда мутацияланган вирустан кеминде 32, Данияда 35, Нигерияда 12 учур катталганы айтылат. Илимий изилдөөлөр "AstraZeneca" жана "Pfizer" вакциналарынын вирустун жаңы түрүнө каршы эффективдүүлүгү төмөн экенин көрсөткөн.

Борбор Азиянын айрым өкмөттөрү COVAX программасы аркылуу эле жетиштүү сандагы жарандарды эмдөөдөн өткөрүп алууну көздөөдө. Бирок аталган программа ага катышып аткан мамлекеттин калкынын 20% гана эмдөөгө жетерлик вакцина сатып берүүгө эсептелген.

Кыргызстан менен Тажикстан «SputnikV» вакцинасын сурап Орусияга кайрылды. “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын маалымдашынча, буга чейин "коронавирус катталган жок" деп келген Түркмөнстан Орусиядан вакцина сатып алды.

Өзбекстан COVAX программасына үмүт артып келген, ошол эле кезде декабрдан тарта Кытайдын "Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical" компаниясы чыгарган вакцинанын клиникалык үчүнчү фазасын сыноодон өткөрүүгө киришти.

11:00 17.2.2021

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан баш калаа Бишкекте эки адам каза болду​. Республика боюнча 55 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1446 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 619 адамга жетти. Андан айыгып чыккандар 82 452 адам болду.

Азыркы тапта ооруканада 410 бейтап дарыланууда, алардын 123ү оор, 22си өтө оор абалда. Үйүнөн 371 бейтап дарыланып жатат.

17-февралда медицина кызматкерине коронавирус жуккан бир учур катталды.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4197, алардын ичинен 4126сы айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.

13:46 16.2.2021

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-февралдагы брифингде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Европа өлкөлөрүндө коронавирус басаңдап калды. Орусияда акыркы бир айдын ичинде ооруну жуктургандар эки эсе азайып, Казакстанда буга чейин бир суткада 1500 кишиден илдет аныкталып жатса акыркы күндөрү 686га чейин түштү:

«Ошол эле учурда биздин республикада абал туруктуу болуп жатат. Бирок дагы деле лаборатория жол менен тастыкталып жаңы учурлар катталууда. Демек, алдын алуу иштерин токтотуунун кажети жок. Режимди сактап турушубуз керек».

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 16-февралга карата коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.

Оору жуккандардын жалпы саны 85 564 адам. 82 391 киши оорудан айыкты.

Азыр ооруканада 420 адам жатат, алардын 115нин абалы оору, 29у өтө оор абалда. 372 бейтап үйдөн дарыланууда.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG