Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:20 23.2.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 23-февралга карата берген маалыматы боюнча, COVID-19 инфекциясы 72 адамдан жаңы аныкталды.

Илдет жуктургандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында.

  • Бишкек - 17
  • Ош - 0
  • Чүй облусу – 47
  • Ош облусу - 1
  • Талас облусу - 0
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 3
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу - 2

Бишкекте эки адам оорудан көз жумду. 66 адам сакайды.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
Бишкек – 2
Жалпы: 1460

11:18 23.2.2021

Орусиянын "Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда коронавируска каршы каражат катары катталды.

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти "Спутник V" вакцинасын коронавируска каршы каражат катары каттады.

"Вакцинанын катталышы - коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүүнү тездетет", - деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдараак коронавируска каршы эмдөө элдин каалоосу менен жүргүзүлө турганын билдирген.

Министр эмдөө алгач медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана башка каалоочуларга мамлекеттин жана донорлордун эсебинен акысыз болорун айткан.




Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайыла турганы кабарланган.

Ал эми "Pfizer" вакцинасын -70 градус температурада сактоо мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Кыргызстан андан баш тартканы кабарланган. Аталган вакцина Кыргызстанга глобалдык COVAX альянсынын алкагында сунушталган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусу 72 кишиден табылган.

Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды. Март айынан бери илдеттен 1460 адам көз жумду.

11:21 22.2.2021

22-февралда 44 адам коронавирус илдетине чалдыкканы лабораториялык жол менен тастыкталды. Акыркы суткада оорудан көз жумгандар катталган жок.

Ушул тапта стационарда 409 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 275 адамдын абалы орто оор, 101 адамдын абалы оор, 23 адамдын абалы өтө оор абалда деп бааланууда.

COVID-19 вирусу алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 85 929 адам ооруга чалдыгып, 82 803 киши айыкты. Илдеттен көз жумгандардын саны 1458 адамга жетти.

10:56 21.2.2021

Коронавируска каршы республикалык штабдын 21-февралга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада оорудан 6 адам каза тапты. Алардын бешөө Бишкекте, бир адам Жалал-Абад облусунда катталды.

Акыркы суткада коронавирустан 66 адам айыкты. Анын ичинен үчөө - медицина кызматкерлери.

Ал эми акыркы суткада оору 54 адам жаңыдан кабылганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуусу Чүйдө – 25 адам, Бишкекте – 16 адам. Ысык-Көлдө – 5, Нарында – 3, Ош жана Талас облустарында экиден адам, Баткенде бир киши коронавирус илдетин жуктурган.

21-февралга карта стационарда 396 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен:
8 адам - канааттандыраарлык абалда;
264 адам - орто оордукта;
100 адам - оор абалда;
24 адам - өтө оор абалда.
303 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Былтыр март айынан бери Кыргызстанда ооруга 85 888 адам чалдыгып, 82 756 адам сакайды. 1458 адам каза болду.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG