Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

COVID-19: Өзбекстан Тажикстанга дарыгерлерди жөнөттү


Өзбекстандын өкмөтү Тажикстанга дарыгерлерди жөнөттү. Алар коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого, ооруну алдын алуу иштерине жардам беришет. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы 9-майда маалымдады.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, тажрыйбалуу догдурлар тобунда реаниматолог-анестезиологдор, пульмонологдор, эпидемиолог, инфекционист жана вирусологдор бар. Аларды Ташкенттеги аэропорттон саламаттыкты сактоо министри Алишер Шодмонов узатты.

Ошондой эле президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен Душанбе шаарына 144 мобилдик медициналык контейнер гуманитардык жардам иретинде жөнөтүлдү.

10-майдагы түшкө чейинки расмий маалыматтарга ылайык, коронавирус Өзбекстанда 2387 адамда табылып, 1846 бейтап айыгып кетти, 10 киши жашоо менен кош айтышты. Тажикстанда 612 кишиден COVID-19 аныкталды, алардын 20сы каза тапты.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG