Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Министрлик: Нарында милициянын иши үзгүлтүккө учураган жок


Нарын.
Нарын.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жабылган жок. «Мекеме коронавируска байланыштуу убактылуу жабылды» деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу 11-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал журналисттердин «Нарында 50дөй милиционер коронавирус менен ооруп, облустук башкармалык жабылыптыр деген сөздөр канчалык негиздүү?» деген суроосуна:

«Ал жерде ички иштер органдарында катталгандар болгон. Биз алар тууралуу өз убагында маалымат берип турганбыз. «Жабылып калды» деген маалымат такыр чындыкка дал келбейт. Кызматкерлер үй карантинине алынганда бул жактан ИИМден кызмат сапары менен атайын өздүк курам жиберилип, ишти үзгүлтүккө учуратпаш үчүн чара көрүлгөн», - деп жооп берди.

8-майда Нарында жети милиционерден COVID-19 табылганы айтылган. Саламаттык сактоо министрлиги ошону менен Кыргызстанда ички иштер кызматкерлерине вирус жуккан учур 22ге жеткенин, алар илдетти негизинен кызмат учурунда жугузуп алганын билдирген.

11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 688 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG