Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Абройлуу илимий басылмалар менен кызматташуунун жолдору тууралуу бекер вебинар өтөт


«Онлайн университет» платформасы илимий макалаларын дүйнөнүн абройлуу илимий журналдарына жарыялагысы келген кыргызстандык окумуштууларга жардам бермей болду.

Бул максатта ««Scopus» жана «Web of Science» журналдары сиздин макалаңыздан эмнени күтүшөт?» деген вебинар өтөт.

Вебинардын уюштуруучулары «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүнкү күндө кандидаттык, докторлук диссертациялар үчүн, доценттик, профессорлук наам үчүн рейтинги бийик журналдарга макала жарыялоо талап кылынат. Андыктан мунун жол-жобосун бекер көрсөтүп берүү изилдөөчүлөргө, окумуштууларга жакшы жардам болот.

«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)

XS
SM
MD
LG