Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:15

Вируска шектүүлөрдөн пара суралганы иликтене баштады


Жаныш Эрматов.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда коронавируска шектүү катары обсервацияда жаткан адамдан дарыгер акча талап кылганы тууралуу маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди:

«Азыр жеринде комиссия түзүлүп каралып жатат. Мындан тышкары ички иштер органдары да иш алып барат. Ички иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгын беришсин. Ошого жараша чара көрөбүз. Дабагерлер ал киши ооруканада жатып алып, «мен канча төлөйм» деп чөнтөгүнөн беш миң сомдук акча чыгарып, ыргытып, «акча берейин, мени кетиргиле» деген чагым кылганын, кетирбей койгондон кийин ызы-чуу сала баштаганын айтышууда. Ал жаран өзү үй карантиндин режимин сактабай качып кетип калыптыр».

Буга чейин Чоң-Алайдын тургуну Жаныш Эрматов райондук ооруканага обсервацияга жаткырылган бейтаптардан дарыгерлер 2 миң сомдон акча талап кылып жатканын, коронавируска шектелип, бирок анализи таза чыккан тургундардан пара талап кылганын айтып «Азаттыкка» кайрылган.

Эрматов дарыгерлерге акча төлөө боюнча суроо узатып жатканын видеого тартып алган. Тасмадагы дарыгер: «Эгер анализиңер таза чыкса, жаткан күнүңөргө карап төлөйсүңөр», - деп жооп берген.

12-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 709. (DU/NT)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG