Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 137 млн. сом каражат топтолду  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-майдагы маалыматка карата Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 137 млн. 288 миң 648 сом чогулду. Анын 134 млн. 144 миң сому медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган. Өкмөттүн жардам каражаттар боюнча түзүлгөн help.covid.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине чогулган акчанын 78 млн. сому коротулду.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 17 млн. 293 миң 262 сом түшкөн, анын ичинен 16 млн. 139 миң 996 сом коротулду. Ал эми Бишкек мэриясынын эсебине түшкөн 7 млн. сомдун 2 млн. сомдон ашыгы жумшалды. Чогулган каражаттарды жумшоо боюнча маалыматтарга бул жактан көз салып турсаңыз болот.

Өкмөт COVID-19 вирусу менен күрөшүүдөгү иш-чараларын каржылаш үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн эсеп ачкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG