Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Аалиев: эки айга жакын үйүнө барбай иштеп жаткан медайымдар бар


Кыргызстандык медайым.
Кыргызстандык медайым.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 12-май - Медайымдардын эл аралык күнүнө байланыштуу маалымат таратты. Министрликтин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2020-жылды медайым жана акушер кызматкерлеринин жылы деп жарыялады. 5-май акушерлердин эл аралык күнү болуп эсептелет.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө COVID-19 илдети менен күрөшүүдө эки айга жакын үй бетин көрбөй, өмүрүн тобокелге салып, бейтаптардын айыгып кетишине салып кошуп жаткан медайымдарга ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Републикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев медайымдар медицинадагы эн чоң күч болуп саналаарын айтты.

«Биздин оорукананын медайымдары 49 күндөн бери үйүнө барбастан кызмат кылып жатышат. Үйүндө ата-энеси, балдары күтүп жатат. Майрам жылдагыдан өзгөчө болуп жатат. Бүгүн алар иш ордунда. Өзүмдүн кызматкерлеримди майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, чыдамкайлык, иштерине ийгилик каалайм», - деди оорукана жетекчиси.

Учурда саламаттык сактоо тармагында орто медициналык билими бар 34 миң 84 адис иштейт, алардын 75% жакыны медайымдар.

12-майга карата Кыргызстанда 241 медицина кызматкерине вирус жукту, алардын ичинен 186 адам айыгып чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG