АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы, 71 жаштагы Пол Манафорт коронавирус коркунучунан улам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бир катар америкалык басылмалар жазып чыкты.
Пол Манафорт салык жашырып, банк мыйзамдарын бузганы үчүн айыпталып, 2018-жылы март айында үч жыл 11 айга эркинен ажыратылган. Прокуратура аны бул кылмышы үчүн 19-24 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Убагында Украинада, Филиппинде жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө иштеген политтехнолог Пол Манафорт АКШда соңку президенттик шайлоодо Дональд Трамптын штабын жетектеген. Бирок Украинанын Аймактар партиясы ага 12,7 миллион доллар төлөгөнү жана ал салыктан качканы тууралуу кабарлар ачыкка чыккандан кийин штаб башчылыгынан кеткен. Манафорт күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Буга чейин «Проект» басылмасы Манафорт 2005-жылдан соң Бишкекке келип, мурдагы президент Курманбек Бакиевге АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча кеңеш бергенин жазып чыккан.