Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Ош облустук жана Нарын райондук сотунун судьялары өз каалоосу менен иштен кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу менен Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиевдин, Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Судьялар өз каалоосу менен иштен бошотулган.

Ал эми Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 7-майдан тартып Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьясы Нурия Бекбаеванын ыйгарым укугу токтотулду.

Буга чейин район аралык соттор административдик сот болуп кайра түзүлөрү кабарланган.

30-апрелде Жогорку соттун сайтына жайгаштырылган маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон бир катар мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу буга чейин район аралык соттор тарабынан каралып келген экономикалык иштер эми райондук сотторго берилет. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG