Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:27

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго мандат тапшырылды


Шаршенбек Абдыкеримов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, «АЮ холдинг» компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алышты.

13-майда «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар жергиликтүү басылмаларга алдыдагы шайлоого даярданыш үчүн ушул кадамга барганын айтышкан.

2019-жылы 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI жыйыны өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка парламент депутаты Канатбек Исаевди шайлаган. «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар. Фракцияны депутат Алмазбек Батырбеков башкарат.

Башында ишкер Шаршенбек Абдыкеримов турган «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы апрелде негизделген.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Шаршенбек Абдыкеримов - Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын башчысы. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG