Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Касымалиева: Дарыгерлердин коргонуучу кийимдери сатылып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыгерлерге бөлүнгөн коргонуучу кийимдер жана респираторлор сатылып жатат. Ошол эле учурда андай коргонуучу каражаттарды айрым ооруканаларда медицина кызматкерлери өздөрү сатып алып жатышканын айтышты. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева бүгүн, 14-майда парламентте айтып чыкты:

«Медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттарды бөлүштүрүүчү комиссияда мен да мүчөмүн. Бизге өкмөт «медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттар үч айга чейин жетиштүү» деп маалымат берген. Андай болсо эмне үчүн айрым ооруканаларда медицина кызматкерлери коргонуучу кийимдерди, респираторлорду өздөрү сатып алып жатышат? Ошол эле учурда Интернетте коргонуучу кийимдер менен респираторлор сатылып жатат. Гуманитардык жардам катары келген бул каражаттар кандай жол менен сатыкка чыгып кетип жатат?»

Коргонуучу каражаттар сапатсыз жана жетишсиз болуп жатканын буга чейин айрым медицина кызматкерлери да белгилеп келишкен. Алар ушул себептен улам COVID-19 вирусуна дарыгерлер көп чалдыгып жатканын айтып чыгышкан.

Кыргызстанда 14-майга карата 1082 адам коронавирус илдетине чалдыкты. Анын ичинен 247си медицина кызматкерлери. 58 жаштагы бир дарыгер вирус жуккандан кийин каза болгон. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG