Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Равшан Жээнбеков жазган каттары цензурага кабылганын айтты


Равшан Жээнбеков.

Бишкектин №1 тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков сыртка жазган каттары цензурага кабылып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерине айтканы тууралуу маалымат борбордун расмий сайтына жарыяланды.

Анда «Жээнбеков арыз жөнөтүү механизми жок болгондуктан эки ай бою жазган каттары жөнөтүлбөй, бардык каттары цензурага алынып жатканын айтып даттанды. Эки ай бою адвокат менен жолугууга мүмкүнчүлүк болбогонун билдирди. Ден соолугуна жана абакта кармоо шартына арызданган жок» деп айтылды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчынын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. Буга чейин мекеме коронавирустан улам жалпы өлкөдө киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу абактарда да убактылуу чектөөлөр киргизилгенин жарыялап, «туура түшүнүүнү» суранган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда. Жакында анын атынан жарыяланган билдирүү талашка түшкөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG