Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

ДССУ: Коронавирус жок болуп кетпеши ыктымал


Иллюстрациялык сүрөт. Сербиядагы лаборатория. 12-май, 2020-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Чукул кырдаалдар боюнча программасынын жетечиси Майк Райан адамзат жаңы коронавирустан эч качан арылбай, ал ВИЧ инфекциясындай болуп калышы ыктымал экенин билдирди жана аны ВИЧ инфекциясы менен салыштырды.

Райан адамдар ВИЧ менен жашаганга үйрөнгөнүн, бул илдетти дарылап, алдын алуунун ыкмалары табылганын, ВИЧ жугузуп алган бир топ кишилер кадимкидей жашап жатканын белгиледи.

Адис өпкөнү сезгенткен жаңы вируска каршы вакцина табылган күндө деле бул илдет менен күрөш оңой-олтоң болбой турганын эскертти.

14-майга карата коронавирусту жугузуп алгандардын саны дүйнө жүзүндө 4,3 миллион адамдан ашты. Илдеттен көз жумгандардын саны 300 миңге чукулдап калды.

Европада COVID-19га кабылгандар жана оорудан каза тапкандар азайып жаткан маалда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышы күчөп жатат.

Орусияда эки жумага жакын убакыттан бери жаңыдан коронавирус жугузуп алгандардын саны күнүнө 10 миңден ашып жатат. Бразилия 13-майда инфекциялангандардын саны боюнча Францияны басып өтүп, дүйнөдөгү алтынчы өлкө болуп калды.

СOVID-19 биринчи жолу катталган Кытайдын Ухань шаарында бийлик тургундардын баарынан анализ ала баштады. АКШда штаттардын теңинен көбүнүн губернаторлору «оорунун жайылышы дагы күчөшү ыктымал» деген эскертүүлөргө карабай карантин эрежелерин жумшартып жатат.

XS
SM
MD
LG